www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылында өскөн Авазбек Балтабаев 1 жылдан бери Россиянын Москва шаарында таксист болуп эмгектенип жатат. Ал мындан бир жума мурун өмүрүндө эстен кеткис окуяга туш болду.  37 жаштагы Авазбек мындан бир жума мурун досу Нурис Дүйшөбаев менен бирге «Отрадное» метрополитен станциясы тараптагы банктын алдына барганда 220 миң рубль (Кыргызстандын Улуттук банкынын учурдагы курсу боюнча 3 925.71 доллар) акча жана Россиянын жаранына тиешелүү баалуу документтер салынган капчык таап алышкан. Аны кайтарып берүү үчүн ошол банктын алдында 5 саат бою ээсин күтүшкөн. Бирок капчыкты издеп эч ким барган эмес. «Банкомат аркылуу Кыргызстанга акча которолу деп барганда жерде чоң капчык жатканын көрдүк. Бирок алгач атайын уюштурулган жокпу деп ойлодук. Банкка кирсек эч ким жок, эшикте да жоготкон акчасын издеген адам көргөн жокпуз. Акыры ээсин күтө туралы деп чечип, саат 14:00гө чейин банктын алдында отурдук. Бирок эч ким келбегенинен капчыкты ачып көрсөк А.Вадим аттуу жаранга таандык айдоочулук күбөлүк, паспорт жана башка документтер менен 220 миң рубль акчасы бар экен.

Белгилей кетсек, мекендештерибизге ыраазычылык билдирген А.Вадим капчыктагы акча өзүнө эмес, ишканага тиешелүү экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости