www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кесиптик бирликтер тууралуу» мыйзамдын аткарылышын иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму өттү. Бул жыйында депутат Кожобек Рыспаев бул тармактын жетекчилерине көзөмөл жок болуп, өзү билемдик менен бир топ мыйзамсыз иштерди жасап  келгенин айтып, мисал катары катары тоо-кен металлургия тармагын караган Алмазбек Жакыпов 2014-жылы айына 400 миң сом алып турганын ачыктады. Азыркы учурда Профсоюздагы жетекчилердин айлыгы 150-200 миң сом экени маалым болду. Ал өз сөзүндө буларды айтты: "Өз кесиби менен иштеген жөнөкөй кызматкерлер 5000 сом айлык алат. Аны да кыйнап, үч айга бөлүп беришет экен. Эми өзүлөрүнүн айлыктарын санап берейин. Билим берүү министрлигинин кесиптик бирлигинде иштеген Асылбек Токтогуловдун маянасы 159 миң сом, Тоо-кен металлургияны карагандар 150 же 99 миң сом, Муниципалдык мекемелерди тескегендер 77 миң сом айлык алат. Ал эми маданият тармагындагылар 60 миң, Жайчиева 82 миң сом, Токой чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигин карагандар 59 миң сом алат. Саламаттык сактоодо Накен Саалиев 90 миң, Каратаев 70 миң, энергетика тармагын караган Шамил Осмонов 74 миң сом маяна алып турган."

Дагы бир депутат Тиллаев: "Профсоюз кеңешинин 29 мүчөсүнүн эбегейсиз каржылык мыйзам бузуулары, 30 жылдан бери кызматтан түшпөгөн кадрдык маселелери аныкталды. Эми уялат экенсиң, кол алдындагы кызматкерлерди куугунтуктап, үй-бүлөлүк мааниге чейин түшүптүр да. Мүлк бул жакта турсун, жада калса, аялдарын да тартып алат экенсиңер. Ыйлап келишти "менин аялымды тартып алышты” деп. Ошол эле кишинин күйөөсү бар балдызын да алып алыпсыңар. Мындай учур чет өлкөгө эс алууга чыкканда болот экен” – деди.

Чынында бул профсоюзда мындан башка да былыктар толтура... Анык коррупциянын уюгу ушул жер...

Булак: "Багыт.kg"

Последние новости