www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынан кардарлар менен веб-моделдерди байланыштырып турган вебкам-студия табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси «порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында иштер жүргүзүлгөн. Өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы компьютердик клуб катары өзүн көрсөтүп келген белгилүү бир студиянын дареги аныкталып, ал жерди ыкчам кызматкерлер текшерүүгө алган. Бул даректе документтер боюнча жубайлар катталганы, бирок үйдүн 1-кабатындагы чоң бөлмөдө 8 компьютер орнотулган, өзүнчө бөлмөдө 10 компьютер, 2-кабатта 4 компьютер, жер төлөдө дагы 4 компьютер бар экендиги аныкталган.

Бул мекемеде болжол менен 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү 7-8 жигит иштешкени белгилүү болгон. Бирок бул балдар котормочулар экени маалым болуп, алар модель менен потенциалдуу кардардын ортосундагы ортомчулар экени такталган.

«Ошол эле учурда компьютердин бет маңдайында отурган веб-моделдер башка шаарда, атүгүл башка өлкөдө болушу толук мүмкүн. Ошондой эле, сайттарга кирген кардарлар дагы башка шаарда жашашат. Бул учурда операторлор кошулуп, котормочу болуп, веб-моделдин ордуна келгендер менен видео чатта баарлашып жүрүшкөн. Көрсө, кардарды азгырып, көбүрөөк төлөп берүү да котормочулардын негизги милдети экени маалым болду. Бул бизнес бир топ киреше алып келет. Жумушчулардын айтымында, бул турак жайдын ижара акысы ай сайын 700 доллар өлчөмүндө төлөнөт. Учурда иликтөө иштери уланууда. Жалпысынан көрсөтүлгөн даректен 30 компьютер табылган»,- деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости