www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылдын 7-апрелиндеги бир тарап “революция” тууралуу кыска метраждуу кинотасма тартылып, социалдык тармактарга тарап, youtube каналына жүктөлдү. Кино тасмада, 2010-жылдын 7-апрелиндеги бир тарап “революция”, экинчи тарап “куралдуу төңкөрүш” атап жүрушкөн тарыхый окуяларга жана анын жыйынтыктарына андан бери 10 жыл өткөн убакытта баа берүүгө аракеттенип көргөн. Парламенттик адилетсиз шайлоого нааразы калк аймактык бийлик имараттарын басып алышып, бир катар областтарда элдик бийлик орнотушкан. 24-мартта Бишкекке көпчүлүк Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Ысык-Көл – Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарынан келишип, борбордук бийликке нааразылык билдирген.

Ал эми оппозиция лидери, кийин президент болуп шайланган Курманбек Бакиев 24-мартта эл Ак үйгө кирип барганда  башка жакта жүргөндүгү да мунун айкын далили. Демек, Акаевдин 14 жылга созулуп, аягында чектен чыккан адилетсиз бийлигине кыжырланган эл кылкылдап көтөрүлгөндө араңжан режим өзү кулаган. Ал эми Бакиев бийликке келгенде оппозиция көп өтпөй эле нааразылык акцияларын уюштуруп, жыл сайын сес көрсөтүп турду. 2010-жылы 5 жыл гана өкүм сүргөн бийликти оппозиция лидери Атамбаев кан төгүү жолу менен болсо да кулатууга жан далбас урганын белгилүү саясатчы, экс-премьер-министр Кулов китебинде жазган.

Мамлекеттик кайтаруу кызматынын ошол кездеги башчысы Жаныш Бакиевдин массалык маалымат каражаттарына берген маегинен: - Мен Ак үйгө курал менен кол салгандарга, Ак үйгө чоң калибрлүү пулемёт менен ок атып жаткан БТРдин үстүндөгүлөргө, Ак үйдүн коргонун сүзүп кирүүгө аракеттенген жүк ташуучу машинелердин дөңгөлөктөрүнө ок атууга буйрук бергенмин. А тынч жүргөн жарандарга ок атуу боюнча буйрук берилген эмес. Мен жана Ак үйдү коргогон кызматкерлер баарын мыйзам, Баш мыйзамдын чегинде жасадык.

Ак үйдүн жанында каза болгондондун саны боюнча, массалык маалымат каражаттарына берген маегинде экс-башкы прокурор Кубатбек Байболов 7-апрелде Ак үйдүн алдында 17 адам өлгөнүн билдирген. Көз карандысыз иликтөөлөр далилдегендей көпчүлүгү ар башка жерден, ар кандай курал-жарактан каза болгон. Экспертиза алардын  мергенчиликке ылайыкталган мылтыктардан атылганын далилдеди. Ошондой эле, алардын арасында ар кандай мокок инструменттерден каза тапкандар бар. Мисалы, арматура, балта жана башка куралдар. Булар Ак үйдү кайтарган күч органдарынын колдонуусундагы куралдар эмес.

Бийлик жайгашкан обьектиге 5 миңдин айланасындагы адам чабуул жасашты. Кыргызстанда 6 миллион эл жашайт, 18 жаштан жогорку катмарды түзгөн 3 жарым миллион калк бар. Ал эми бул жалпы элдин 0.1 процентин түзгөн катмардын жалпы Кыргызстандын элинин атынан пикир билдирүүгө, акция жасоого мыйзамдуу укуктары, эл аралык тил менен айтканда, “полномочиелери» бар беле?!

Америка, Россия өңдүү улуу державалардын киришкени тууралуу да кептер бар. Бирок, айныксыз далил жок. Болгону өзү мекенинен чоң каражаттарды уурдап, соттолуп, Европада качып жүргөн казак оппозиционери Мухтар Аблязов гана “2005-жылдагы Кыргыз революциясын мен каржылагам” деп билдиргени бар. Бирок, Бекназаров баш болгон кыргыз оппозициячылары Аблязовдун акчасын көрүшпөгөнүн жар салышкан. Эгерде Аблязовдун бул билдирүүсү чын болсо, кыргыз бийлиги кылдат текшерип, чет өлкө ишмеринин биздин ички ишибизге одоно киришкени үчүн мыйзам түрүндө жазага тартышы керек.

Убактылуу өкмөт бийликке келгенден эки айдан кийин Ош, Жалалабадда кыргы-өзбек коогалаңы чыкты. 7-апрелде ондогон адам набыт болсо, жаңы бийликтин башкарууну туура жүргүзө албагандыгынын кесепетинен түштүктө андан бир нече эсе көп адам курман болду. Ал үчүн башкаруучулардан эч ким катаал жазага тартылган жок.

Отунбаеванын бул буйругунан кийин коомчулукта бир үйгө кол салгандарга ок чыгаруу мыйзамдуу да, мамлекеттик бийликке кол салгандарга ок чыгаруу мыйзамсыз болобу деген суроо жаралды. Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Райкан Төлөгөнов баштаган “Ата-Мекенчилердин” тапшырмасы менен Бакиевдердин жана мамлекеттин мүлкүн кантип талап-тоноп, мародёрлук жасашканын алардын аткаруучу  шериктеринин бири  Абдылда Юсупов элге массалык маалымат каражаттары аркылуу ачык айтып чыкты. Ошол учурда башкы прокуратурада иштеген Сыймык Жапыкеев 7-апрелден кийин Бакиевдер алып кетти делинген Россиядан келген 200 миллион доллар акча банкта турганын, аны кийин убактылуу өкмөт башчылары өздөрү жок кылышканын жар салды.

Мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевди үй-бүлөлүк башкарууга  айыптаган Атамбаев коомдук-саясий кадыр-барктары, тажрыйбалары жоктугуна карабай мурдагы айдоочусу Икрамжан Илмияновду президенттик администрация башчысынын биринчи орун басары (иш жүзүндө администрация башчысынан да таасирлүү болчу), таразачысы Албек Ибраимовду Бишкек мэри, мурдагы жан сакчыларынын бири Улан Исраиловду ички иштер министри, Болот Сүйүмбаевди мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, кайниси Абдил Сегизбаевди мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы, мурдагы катчысы Асел Кодуранованы парламент төрагасынын орун басары  жогорку кызмат даражаларына көкөлөттү. Атамбаев эл башчысы болгонуна карабай ойлонбой балп этип сүйлөп, жалпы элди, мыйзамсыз жана маданиятсыз басмырлаганы көпчүлүктү кыжырлантса, чет өлкө жетекчилерине одоно асылуулары өлкөгө зыянын тийгизди.

Атамбаев Конституцияга өзгөртүү киргизип, президенттин бийлигин чектеп, башкы бийликти премьер-министрге ыйгарып, өкмөт башчылыкка “кол баласы” Сапар Исаковду отургузду. Өзү бийликтен официалдуу түрдө кеткени менен Кой-Таштагы же резиденциядагы жаңы салдырган хансарайында жатып алып, өлкөнү сырттан башкарып, май-талканда чардоону кыялданган. А бирок, анын бул арамза тилеги ишке ашкан жок. Эл тарабынан шайланган президент Сооронбай Жээнбеков элдин кызыкчылыгын, мыйзамды сыйлады. “Достон чындык жогору” деген накыл ойду тутунду. Атамбаевдин айткан жолуна түшпөдү. Атамбаев жана Атамбаевчилер жер тепкилешип “Соке досун сатып кетти!” деп жар салышты. Анда Жээнбеков өлкөнүн, элдин кызыкчылыктарын саткан, саткындын тарыхый уурулуктарын жашырышы керек беле?!

Атамбаевдик бийлик Бишкек ТЭЦи, “Датка-Кемин” электр өткөргүчү, тарых музейи, Чолпон-Ата ат майданы, Түндүк-түштүк жолу өңдүү ири долбоорлордон жүздөгөн миллиондогон доллар акчаларды жымырганы тууралуу кептер уу-дуу болуп, мамлекеттик тергөө органдары кылмыш иштерин козгоду...Атамбаевдин премьер-министри Сапар  Исаков Максим Бакиев 150 миллион долларга макулдашкан Бишкек ТЭЦин 380 миллион долларга курууга макулдашып Кытайлардан ашыкча акча алып, мамлекет  кызыкчылыгына кыянаттык жасаганы үчүн сот тарабынан 15 жылга кесилди...

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов , мурдагы айдоочусу кийинки “серый кардинал” Икрамжан Илмиянов коррупциялык кылмыштары үчүн сот тарабынан узак мөөнөткө кесилишти. Бишкектин мурдагы мэри, мурдагы депутат Нариман Түлеев: “Атамбаевди жакшылап текшерсе, миллиарддаган доллар акча чыгат” деп жар салса коомчулук Атамбаевди камоо жетишсиз, уурдаган миллиарддарын мамлекеттин казынасына кайтартыш керек деген пикирде.

Атамбаевдик бийлик өлкөнүн экономикасын көтөрүп, элдин турмушун жакшыртууга жетише албады. Атамбаевге ишенген бир кездеги санаалаштары да андан түңүлүшүп, анын жарамсыздыгын моюнга алышты. Бакиевдик бийликке оппозицияда жүрүшкөн көрүнүктүү саясатчылар, мисалы, убактылуу өкмөт башчы Отунбаеванын аппарат башчысы болгон Эдил Байсалов “Бакиев турганда экономика көтөрүлмөгүн, алар жаңылыштык кетиришкенин”, “Ата-Мекенчи” экс-депутат Туратбек Мадылбеков “Бакиев Атамбаевден кыйла мыкты иштегенин” массалык маалымат каражаттарында жар салышты. Бийликке умтулуп жатып Атамбаев баш болгон оппозиция лидерлеринин “Эл үчүн, мамлекет үчүн адилет, таза иштейбиз!” деген убада, касам ичкен анттары аткарылбады! 

Революция – мурдагы начар бийликти революциялык жол менен кулатып, өлкөдө чыныгы элдик адилет бийлик орнотуп, коррупцияны токтотуп, экономиканы кескин көтөрүп, элдин турмушун кыйла жакшыртуу деген түшүнүк. Ал эми 2010-жылы бийлик алмашылды, бирок, экономика революциялык жол менен чапчаң өсүп, элдин турмушу кескин жогорулап кетпеди...Бакиевдик бийликти актап-жактоо эмес, 2010-жылкы “куралдуу төңкөрүш Кыргызстанга пайда эмес, тескерисинче, чоң-көп зыян, залалдарды алып келди. Мурда “мыкты эл, жакпаса башчысын кууп чыгат” деп четте ийги кепке арзысак, бара-бара “тынч эмес өлкө” атыгып байманалуу инвесторлор качкан аймакка айланганыбыз өкүнүчкө салат, деп анализ жасаган аталган тасмада.

Төмөнкү тасмадан окуянын чындыгын толугу менен көрө аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости