www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпы республикалык деңгээлдеги идеяларды алып чыккан, өлкөнүн жалпы өнүгүүсү боюнча программасы бар, концептуалдык көрүнүшү бар саясий партиялар азыркы учурда жок. Мындай пикирди бүгүн, 14-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине саясат таануучу, эксперт Бакытбек Жумагулов билдирди.

- Бакыт мырза, айтсаңыз, эмне үчүн партиялар сөзсүз биригиши керек? Биздин партиялар ушунча начарбы?

- Негизинен ушундай биригүү, бириккен партиялардын соодасын жүргүзүүгө жакшы шарт түзөт. Мисалы, бир саясий партиянын түндүк жактан потенциалы болсо, экинчи партиянын түндүк жактан потенциалы көп болот. А кээ бир партиялардыкы түндүк-түштүк эмес, конкреттүү шаарларда позициялары бар.

Негизинен алып карасак регионалдуу, шаардык болуп эле чектелип калып жатат. Ал эми жалпы республикалык деңгээлдеги идеяларды алып чыккан, өлкөнүн жалпы өнүгүүсү боюнча программасы бар, концептуалдык көрүнүшү бар саясий партиялар азыркы учурда жок.

2020-жылындагы саясий партиялар партиялык кризиске учураган. Шайлоодон уткан партиялар бийликти сактай албай, ал эми утулган партиялар бийликти төңкөрүп салышкан. Демек, биздин бийликте бир мандем бар. Мунун баардыгы саясий партиялардын кризисине алып келди. Бул абдан маанилүү көйгөйлөрдүн бири. Бул маселе боюнча эл арасында ар кандай жооптор, ой пикирлер айтылып келет. Бирок ал ишти изилдөө жүргүзүш керекпи ал жагы али белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости