www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалад-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ноокенде жана Базар-Коргон районунда мисте көп экенин айтып, быйыл түшүм жакшы болгонун белгиледи.
Ал жергиликтүү бийликтин демилгеси менен уюштурулган мисте майрамы да ага чоң салым кошоорун, бюджетти арттыруу менен тургундардын да кирешесин көбөйтүү, алдыда кайра иштетүү боюнча натыйжалуу долбоорлор каржылык колдоого алынаарын кошумчалады.
--“Кыргызстан боюнча мистенин эң көп аянты Ноокенде жайгашкан. Андан кийин Базар-Коргон районуну турат. Бирок Ноокендин мистеси экспортко чыга элек. Быйыл мистенин түшүмдүүлүгү былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү.
Ноокендеги эки токой чарбасында былтыркы жылы мисте 200-300 тоннанын тегерегинде жыйналган болсо, быйыл анын түшүмү 800 тоннага жетти. Фестивалдын максаты облус аймагында өстүрүлгөн мистени чет өлкөгө таанытуу, инвесторлорду тартуу, аянттарын туура пайдалануу менен кайра иштетүүнү жолго салуу”, - дейт Сыргабаев.
Белгилей кетсек, Ноокендеги мистени негизинен Кыргызстандын ичинде буйрутма кылышат. Учурда анын килограммы орточо 750 сомдон 850 сомго чейин сатылууда.
Булак: NazarNews.kg