www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Бриджпот шаарынын (Коннектикут штаты) тургуну Шанта Джордан бейтааныш баланын өмүрүн сактап калды. Ал катуу ылдамдыкта баланы көздөй келе жаткан унаанын алдынан баланы түртүп жиберип, өзү урундуга калган. 

Америкалык маалымдоо каражаттары тараткан тасмада анын кырсык алдындагы эрдигин көрүүгө болот. 

Ошентсе дагы бала оор жаракат алган. Бирок Джордан болбогондо ал каза болмок дешет дарыгерлер. Ал эми баланы куткарып калган аял бутунан ажырап кала жаздады. Көп сааттык операциядан кийин дене мүчөсүн сактап калуу мүмкүн болду. 

Полиция Шанта Джорданга "Эрдиги үчүн" сыйлыгын тапшырды. 

Булак: "5news.kg"

Последние новости