www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматта аял дүкөндү шылтоолоп, чындыгында милициядан жардам сураш үчүн келип, бирок ага жетишпей каза болуп калганы айтылган.

Дүкөндө эркек киши аялды бөйрөк тушка бычак менен сайып жиберген видео социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун үрөйүн учурууда. Окуя Минск шаарындагы дүкөндөрдүн биринде болгон деп жазды Tengrinews.kz сайты.

Видеодо дүкөндө соода кылып жаткан аялдын артында турган эркек бөйрөк тушка бычак менен сайып жиберип, бейкапар чыгып кеткенин көрүүгө болот. Таратылган видеодо “Абайлагыла! Чоочун бирөөлөргө кайрылып сөз айтпагыла. Бул окуя Сулейманов көчөсүндө эртең менен болду. Киши акча сурады эле, аял "бар, иште" деп орой жооп кайтарды. Аял ошол жерден жан берди. Жаныңдан түңүлөсүң. Камерадан жазылып калган видео. Таразда”,- деп айтылган видеожазуунун түшүндүрмөсүндө.

Tengrinews.kz сайты бул окуя Минск шаарындагы дүкөндөрдүн биринде 2016-жылдын март айында болгондугун жазды.

Маалыматка караганда, милиция ал кишини издеп тапкан.

“Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабырланган аял менен 41 жаштагы киши бирге жашап жүргөнү аныкталган. Ал абакка бир нече ирет отуруп чыккан”, — деп айтылат порталдын маалыматында.

Tengrinews.kz "360" каналынын маалыматына таянып, аялдын башы жарылып, мээси чайкалып жана бел жагынан жаракат алып, боорунун оң жагы жарылып кеткен абалда ооруканага жеткирилгенин билдирген. Тергөөчүлөрдүн айтымында, эркек аялды буга чейин да уруп, алар дүкөнгө урушкан маанайда арак алганы келишкен. 

Маалыматта аял дүкөндү шылтоолоп, чындыгында башкалардын көңүлүн өзүнө буруп, милициядан жардам сураш үчүн келип, бирок ага жетишпей каза болуп калганы айтылган.

Аялдын анын ур-соккусунан качып келгени байкалганын сатуучулар өздөрүнүн көрсөтмөсүндө да айтып беришкен. Сатуучулардын бири “ал эч нерсе сатып албай эле, бир нерсе айткысы келгендей туюлгандыгын” да кошумчалаган.

Булак: "Спутник"

Последние новости