www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык, 4-март күнү болжол менен саат 12.30 чамасында Ош шаарынын борбордук базарынын майда манты сатып отурган аялдар менен катарлаш туруп соодасын жүргүзүп жаткан Ош шаарынын 1989-жылы туулган тургуну Д. А. ны белгисиз бирѳѳ арка тарабынан келип, жамбаш тарабына бычак сайып качып кеткен. Жүргүзүлгѳн тез аракеттердин натыйжасында 10 минутка чейин, ошол эле базардын аймагынан Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызмат батальонунун кызматкерлери милициянын прапорщиктери С.Эсеналиев, М.Абдуллаев жана милициянын старшинасы З.Тургунбаев тарабынан жабырлануучунун жездеси 1963-жылы туулган Ж.К. кармалды. Кылмышка шектүү Ж. К. ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ жабырлануучу анын балдызы экендигин, бирок, балдызы эжесине, (кылмышка шектүүнүн аялына) ортого түшүп ири суммадагы карыз акча берип койгондуктан, ал карыздарды эми тѳлѳп кайтаруу үчүн аялы Орусияга иштегени кетип калгандыгын, мына ошондуктан, аялынын РФ кетүүсүнѳ шарт түзгѳндүгү үчүн балдызын ѳлтүрүүгѳ ниет кылып, атайын бычак алып келгендигин билдирген. «Ѳлтүрѳйүн дегенмин, бирок, ѳлбѳй калды» деп ѳкүнѳт шектүү. Тилекке жараша Ош облустук ооруканасынын ак халатчандары тѳрт баланын энеси Д.А.ны ажалдан арачалап калышты. Бирок, кан кѳп кетип калган. Учурда кылмышка шектүү Ж.К. учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости