www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу видеотасма социалдык тармактарга жүктөлгөн.

Маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкара албай алгач бакты, андан соң дүкөндү сүзгөн.

Ал эми Кайгуул милициясы төмөндөгүдөй маалымат берди:

"Бүгүн кечки саат 20:30дар чамасында Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагында түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган. Анда айдоочу рулга ээ боло албай, бакты сүзүп, андан кийин жол жээгиндеги дүкөндүн эшигин каккан. Натыйжада айдоочу гана жабыркаган. Жол кырсыгынан башка жаракат алгандар катталган эмес. Айдоочу ооруканага жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости