www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы Ак-Босого конушунда 7 жашар кызды зордуктоого аракет кылган жаран жашоочулар тарабынан кармалганы тууралуу видео тараган.
Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-апрелде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын "102" кызматына Ак-Босого жаңы конушунда белгисиз жаран 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерде шектүү жаранды жергиликтүү тургундар кармап алышкан.
Чакыруу боюнча дароо Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Көрүлгөн чаралардын негизинде 2003-жылы туулган Г.Р. аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-(зордуктоого аракет жасоо) беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
"Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Биринчи май РИИБи кылмыштын алдын алып, жарандык милдетин аткарган жарандарга ыраазычылык билдирет", - деп айтылат билдирүүдө.