www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-июлда Ысык-Көл районуна караштуу Өрнөк айылында "Ак-Мөөр Fest" этно-фестивалы болуп өттү. Аталган иш-чара Маданият, маалымат, туризм министрлигин колдоосу менен уюштурулду. Мамлекеттик деңгээлдеги бул фестивалда өлкөнүн ар бурчунан келген кол өнөрчүлөр өз эмгектерин көргөзмөгө коюшту. Мында кыргыз айымдарынын бүгүнкү, эртеңки жана келечектеги жашоо образдары чагылдырылды.

Баткен Облусунун Лейлек району килемдин мекени болуп эсептелет. Мындай пикирин фестивалдын катышуучуларынын бири, чебер Тото Гүлбаева билдирди. 

--"Биз Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши тарабынан уюшулган, өлкө боюнча өтө чоң кол өнөрчүлөр тобубуз. Лейлек району чыныгы килемдин жана терменин мекени болуп эсептелет. Биз колдон жаралган килемдер, баш кийимдер жана кийизден жасалган ар кандай буюм-тайымдар менен Ысык-Көлгө келип, эс алуу менен бирге мына ушул көргөзмөгө катышып жатабыз", - деп билдирди чебер.

Сюжетти толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар: 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости