www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын тургуну Ысык-Көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 24-июлда «112» телефонуна саат 14:10 чамасында милицияга Чолпон-Ата шаарындагы «Кейсар» эс алуу борборунун пляжында бир адам көлгө чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал суудан чыгарылып, аймактык ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес, ал эсине келбей каза болгон.

Сууга чөгүп кеткен адам 1971-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Ж.А. экени аныкталды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости