www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун 33 жаштагы тургуну Үсөн Сакабаев ак жеринен киши өлтүрүү беренеси менен 13 жылга кесилген. Аталган өкүмдү Аксы райондук соту чыгарган. Соттолгон жарандын жакындары бул чечимге макул болбой облустук сотко кайрылышкан. Бирок, облустук сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Бул тууралуу Үсөн Сакабаевдин жакындары жана укук коргоочу Исмаил Токобаев NazarNews маалымат агенттигине билдиришти.
Укук коргоочу Исмаил Токобаевдин айтымында экспертиза алгач маркум ууланып каза болгон деп чечим чыгарган. Бирок, кийинчерээк экспертизанын ал жыйынтыгы жокко чыгарылып, киши колдуу болуп каза болгон деген бүтүм чыккан. Тергөөчүлөр далил катары видеотасма турса дагы, ишти адилет тергебей бурмалашкан, жана ошондой эле, аталган видеону жок кылышкан. Жабырлануучу тарап эми 13 жылга макул болбой, Үсөн Сакабаевди өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылышууда.
Буга байланыштуу, Үсөн Сакабаевдин жакындары жана укук коргоочу Исмаил Токобаев бийликке кайрылуу жасашты. Алар аталган иш кайрадан тыкыр иликтенип, соттолгон Үсөн Сакабаевдин пайдасына адилет чечим чыгат деп үмүт артышууда.
Толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыз:
Булак: NazarNews.kg