www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Индонезияда өткөн XVIII Жайкы Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасы чоң ийгиликтерге жетишти. Медалдардын саны боюнча 22-орунду ээледи: 3 алтын, 6 күмүш, 12 коло медаль алдык. Кыргызстандан 100 ашуун спортчу спорттун 26 түрү боюнча ат салышты. Жеңүүчүлөрдүн арасында оор атлетчи Иззат Артыков да бар, ал 69 кг салмак категориясында ат салышып, 18 аттандаштын арасынан 3-орунду алып келди. Иззат Артыков бул ийгиликке жетүүгө максат коюп келгенин айтат.

- Мен бул жарышка 8 ай даярдандым. 2016-жылы Бразилиядагы Олимпиададан кийин кыргыз элимди кайра сүйүнтүшүм керек деп максат кылгам. Кыргыз элинде “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген сөз бар. Ошону мен аныкташым керек эле. Мен кандай медаль болбосун алышым керек деп ниет кылып келгем, ниетке жараша коло медалын алып отурам. Кудай буюрса, эки айдан кийин Түркмөнстанда дүйнө чемпионаты өтөт. 2020-жылы Токиодо өтүүчү олимпиадага лицензиялык тандоолор башталды. Эмдиги жылы дагы бир дүйнө чемпиондугу бар. Мурда Олимпиадага катышыш үчүнбир Азия оюндары, эки дүйнө чемпионуна катышуу талап болсо, азыр алты жарышка чыгыш керек. Федерациябыздын президенти Ахматбек Келдибековичке чоң ыраазылык билдирем, бизди ушинтип колдоп турса, Кудай буюрса алтын алып келгенге да аракет кылабыз, - деп билдирди Иззат Артыков.

Ал эми Кыргыз ССРине эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык арбитр-судья Өмүржан Молдодосов шакирти Иззат Артыковдун ийгилиги кийинки жарыштарга чоң үмүттөрдү жаратаарын белгилейт.

- Азия оюндарында 46 мамлекеттин спортчулары катышып, ошолордун арасынан биздин жигитибиз Иззат Артыков коло медаль алып элибизди, президентибиз Сооронбай Шариповичти, Федерациянын президенти Акматбек Келдибековичти сүйүнтүп, абдан жакшы көрсөткүчтү көрсөтүп келди. Ал буга чейин да Бразилияда коло медаль алып элин кубанткан болчу. 2020-жылы боло турган Токио олимпиадасында да жакшы даярдыктар менен барып, ийгилик алып келет деп үмүт артып турабыз.Бул жолу 146 килограммдан 183 килограммага чейин салмакты түртүп көтөрүп үчүнчү орунду алдык. 187 килограммды түртсөк күмүш медаль алмакпыз. Биз алтынга аракет кылалы деп 190 килограммды түртүүгө аракет кылдык, бирок болбой калды. Ушунусуна да Кудайга шүгүр, - деди машыктыруучу Өмүржан Молдодосов.

Кыргызстандын Оор атлетика федерациянын президенти Акматбек Келдибеков кыргыз спортчуларынын ийгилигинин артында мамлекет жетекчилеринин камкордугу турганын баса белгиледи.

- Биздин эң негизги кубанганыбыз – Иззат Артыковдун чындык ийилет, бирок сынбайт деп, кыргыздарга коло утуп келгени өтө чоң кубаныч болду. Болгондо да так ушул Иззат Артыковдун барып утуп келгени кубанычтуу. Бразилиядагы Олимпиадада коло медалды алып, бирок кызытма колдонгон деген болбогон шылтоолорду кылышкан эле. Кыргызстанда кызытма эмес, ушуларды даярдап, жакшы тамак, формасы менен камсыздоо өзүнчө чоң түйшүк. Мамлекет тарабынан спортко акча бөлүнгөнү менен, аны баарына жеткириш кыйын. Федерация – бул коомдук уюм, ошого карабай колдон келишинче колдоолорду кылып келебиз. Азиадага жөнөп жатканда мамлекет башчыбыз ар биринин колуна туу берип, дем берип жөнөттү эле. Мына алтын, күмүш алып келгендерге “Даңк” медалын берип жатат. Мен биздин штангачылар да келечекте мамлекеттик сыйлыктарга жетишет деп ойлойм. Себеби, бүгүнкү бийлик спортко дагы жакшы көңүл буруп жатканы байкалат. Муну өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан жана ага боордош мамлекеттердин президенттеринин келип катышып жатышынан да көрүүгө болот. Көчмөндөр оюндарынын эл аралык деңгээлге чыгышында президент Сооронбай Шариповичтин жеке кадыр-баркы зор экендиги талашсыз. Ушундай аракеттер болуп турса, жакшы жыйынтыктар, жеңиштер боло берет – дейт Акматбек Келдибеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости