www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт жылдык отчет берип жатат. Анда вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Тажикстан менен чек ара жабылса, көбүрөөк Кыргызстан зыян тартып калышы мүмкүндүгүн билдирди.   

Анын айтымында, Лейлек районундагы жакынкы күндөрү Кайрагач көзөмөл-өткөрмө пункту толук жабылат. Бирок Тажикстандын Өзбекстан менен болгон мамилеси жакшырып кетсе, чек арада соода-сатык кылып күн көргөн кыргыз жарандарына зыяны тийиши мүмкүн.

"Экономикалык рычагдын убактысын биз өткөрүп жибердик. Азыр Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы алака жакшы болуп, 16 чек ара өткөрмө пункту иштеп жатат. 2017-жылы кээ бир өзгөрүүлөр менен ушул жолго барышты. Учурда Согди облусунун 82%ы кандайдыр бир деңгээлде бизге көз карандылыгы бар. Ал боюнча биз эки-үч күндө Кайрагач постун жабууга барабыз. Аларда бизге кат берген. Эки айдын ичинде Арка зонасы Лейлектин батыш тарабындагы контрабанданы минимализация кылдык",- деди  Мадумаров.

Мындан сырткары Баткендеги "Кызыл-Бел" өткөрмө бекетин жабууда эл аралык келишимдер бардыгын, аны тиешелүү мамлекеттик органдар менене сүйлөшүү керек экенин кошумчалады.

Ал эми депутаттар чек ара чырынан улам 30дай жоокер майып болуп калганын эскертишип, өкмөт Баткендеги контарбанданы бир күндө ооздуктап койсо болорун айтышты.

Эске салсак, 8-майда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, куралдуу кагылыш келип чыккан. Натыйжада 3 чек ара аскер жана бир жай тургун жабыркаган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости