www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЮНИСЕФ Ирандагы COVID-19 илдети менен күрөшүп жаткан дарыгерлерди коргоо үчүн бул өлкөгө 36 тоннадай жеке коргонуу каражаттарын жөнөттү.

Маалыматка ылайык, ЮНИСЕФ жеке коргонуу каражаттар түрүндөгү жардамдын бешинчи жана ири партиясын Ирандын Саламаттык сактоо жана медициналык билим берүү министрлигинин суранычы жана Япония бийлигинин каржылык колдоосу менен жөнөткөн.

Буга чейин ЮНИСЕФ Иранга төрт ирет гуманитардык жардам жөнөткөн. Иранда коронавирус катталгандан бери азыркы тапка чейин ЮНИСЕФ Иранга жалпы 63 тоннадай жардам жиберген.

Бул жардамдар Гилян, Исфахан, Хузестан, Түндүк Хорасан, Систан жана Белужистан, Чыгыш Азербайжан, Батыш Азербайжан, Кум, Тегеран жана Альборз провинцияларындагы ооруканаларга бөлүштүрүлүп берилген.

Булак: NazarNews.org

Последние новости