www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Албаниядагы мурдагы элчиси Дональд Лу 2016-жылдын 14-майында Тиранада өлкөсүндөгү ЛГБТ коомчулугун колдоо көрсөтүү максатында Tirana Gay (P) Ride 5 иш-чарасына катышкан. Бул тууралуу маалыматты https://oklahoman.com/article/feed/1012778/albania-gay-pride басылмасы жазып чыккан.

Алсак, гейлердин укуктарын коргоочу уюмдар Албания коомчулугун жана саясатчыларын ЛГБТ коомчулугунун саламаттыкты сактоо, билим берүү жана өлкөнүн турмушунун башка чөйрөлөрүндө алардын укуктарын таанытууга басым жасап, ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет.

Tirana Gay (P) Ride иш-чарасы биринчи жолу ЛГБТ коомчулугун кадимки эле көрүнүш экенин, ал кыймылдын мүчөлөрү да катардагы адамдардай укуктарга ээ экенин калкка жеткирүү үчүн 2012-жылы Албанияда атайын өткөргөн”, - деп кошумчалаган https://oklahoman.com/article/feed/1012778/albania-gay-pride басылмасы.

Андан кийин АКШнын элчиси Дональд Лу менен Албаниянын Юстиция министри Илли Манджани ортосунда ЛГБТ коомчулугу тууралуу келип чыккан пикир келишпестиктерден соң, 2018-жылдын 13-майында Tirana Gay (P) Ride жүрүшүнө кайра чогуу катышкан.

Эске салсак, Илли Манджани ошол учурда Американын саясатын сынга алган. Өзгөчө Трамптын күйөөгө тийген гей министрди коопсуздук кызматынын башчысы катары кызматка коюшу, эфтаназияга уруксат берүү жана ошондой эле баңги заттын айрым түрүн мыйзамдаштыруу саясаты өлкө аймагында эле эмес, дүйнө жүзүндөгү жаштардын аң-сезимине туура эмес таасирин тийгизип жатканын айткан.

Министрдин мындай сынына элчи Дональд Лу: “Сөздөрүңүзгө этият болуңуздар. Биз Илли Манджани, Тритан Шех жана Ориоло Пампурдун кадамдарын дайыма карап турабыз. Сиздердин ойлонбой туруп айткан сөздөрүңүздөр өзүңүздөрдүн электораттарыңыздардын да атынан айтылат. Биз өлкө карыздарын жана жасаган кайрылууңуздардын абалын дайыма байкап турабыз. Партия лидерлери жана мүчөлөрү ар бир сөзү жана кадамы ал таандык партиянын ишенимдерин гана эмес, алардын мүчөлөрүнүн жана тарапташтарынын денгээлин көрсөтүп турат деп эсептейм. Ошондуктан, айткан сөздөрүңүздөргө этият болуңүздар”, - деп жооп берген.

Бирок, бир нече убакыт өткөндөн кийин талаштуу ЛГБТ веложарышына чогуу келген саясатчылар арасындагы пикир-келишпестиктер жокко чыгарылып, кызматташуу мурдагы калыпта жүрүп жатканын билдирип, элди толеранттуулукка чакырышканын https://politiko.al/pas-sherrit-me-donald-lu-per-komunitetin-lgbt-ish-ministri-i-rames-sot-i-penduar-behet-pjese-e-parades басылмасы жазып чыккан.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси тууралуу маалыматтар кыргыз тилине которулуп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости