www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акжол Махмудов (77 кг чейин) грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду. Ал 11-сентябрда алтын медаль тагынган.

«Мен бир нерсени өзгөчө белгилеп кетким келет. Машыктыруучубуз Улук агайдын атасы каза болду. Бул жеңишимди ага арнагым келет. Ал мыкты машыктыруучуну тарбиялаган. Улук агай — эң мыкты машыктыруучулардын бири. Бул жеңишке агайларыбыз, командабыз менен даярданганбыз», - деди Акжол Махмудов.

Улукбек Карачолоков дүйнө чемпиондугуна бара алган жок. Ал эми Сербияда башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевге Мейрамбек Ахметов жардам берүүдө.

Эске салсак, Махмудов Кыргызстандын эгемен тарыхында грек-рим күрөшүнөн дүйнө чемпиондугуна жеткен биринчи балбан болуп калды. Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (2019, 2021) жана Мээрим Жуманазарова (2021) дүйнө чемпиону.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости