www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-февралда Фейсбук социалдык тармагында Бишкектин четинде жашыл суу агып жатат деген видео тараган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирүү таратты.
“Абайлаңыздар, фейк! Аламүдүн суусу таза! Ардактуу шаардыктар! Социалдык түйүндөрүндө Аламүдүн суусу жашыл түскө боёлгон видео боюнча маалымат.
Биз, видео тартылган жерди аныктадык- бул “Дордой” жана “Энесай” конуштарынын ортосунун аккан Аламүдүн суусу.
ТСЖ, квартал башчылары, үй комитеттери жана конуш тургандары сууда эч кандай жашыл боек жоктугун тастыкташты.
Район жетекчиси Мурат Осмоновдун айтымында суу таза жана видеодогу маалымат чындыкка дал келбейт. Милиция кызматкерлери да келип суунун тазасын келип аныктап кетишти.
Ардактуу шаардыктар! Өтүнүч! Социалдык түйүндөрдөгү провакацияга алдырбаңыздар! Маалыматты текшерүү зарыл. Анткени ал чындыкка дал келбей калышы мүмкүн.
Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!”,деп шаардык мэрия Фейсбук баракчасынан билдирди.
Булак: NazarNews.kg