www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Ооганстанды башаламан кылып коюп армиясы болсо дагы мамлекетти таштап чыга берди. Мындай пикирди бүгүн, 27-августта NazarNews маалымат агенттигине экс-премьер-министр Алмамбет Матубраимов билдирди.

- Алмамбет агай, Ооганстандагы абал жөнүндө сиздин пикириңиз?

- Ооганстан бул өмүр бою эле согушуп, эч кимге багынбай келе жаткан мамлекет. Алардын акыркы билдирүүлөрүндө айтылгандай биз Англияны дагы АКШны дагы талкаладык дейт. Бул боюнча тарыхты алып карасак англиялык экспедиционный корпус “индо-китайский” деген 180 миң киши Кытай менен Индияны багындырган. АКШ Ооганстанды башалман кылып коюп армиясы болсо дагы мамлекетти таштап чыга берди. Ошонодуктан Ооганстанды дагы туура түшүнсө болот деп ойлойм. Ар бир мамлекет өзүнүн мамлекеттүлүгүн түптөйбүз, эл башкарабыз деген ойлору бар.

Массалык маалымат каражаттарын алып карасак, ар бир өлкө ар башка берип жатат. Америка ,Орусия, Ооганстан өзүнчө ар түрдүү, ар канайдай тармакта көрсөтүп жатат. Учурда дүйнө жүзү өнүгүп келе жаткан кезинде өзүнчө бир мусулманчылыктын катаал тартибине түшүп бара жаткандай. Ал тургай Иранга дагы салыштырмалуу деген ойлор пайда болуп жатат. Бирок шайлоонун негизинде ар бир мамлекеттин өнүгүп өсүүгө жана толук мамлекет курууга укугу бар.Булак: NazarNews.kg

Последние новости