www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 25-мартта Кыргызстанда кыйын кырдаалда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов дагы өзү туулуп өскөн жери Ноокат районуна жардамын берди. Депутат 10 тонна хлор суюктугун жана 25 000 (жыйырма беш миң) даана бет кап тапшыргандын билдирди.
--Алтынбек мырза, 10 тонна суюктук хлорду сууга кошкондо канча болот?
--10 тонна хлордун суюктугу 1 000 (миң) тонна сууга кошулат. Учурда хлор Ноокатка гана эмес, Кыргызстандын баардык аймактарына дезинфекция кылганга абдан керектелүүчү каражат болуп жатат.
--Учурдагы кырдаалды өзүңүз кандай кабыл алып жатасыз?
--Учурдун талабына баш ийиш керек. Кыргызда “адам бол” деген сөз бар эмеспи, бардык иштин башаты адам болуудан башталат. Ошондуктан мыйзамды бузбай, ашыкча ээнбаштыкты токтотуп, коркунучтуу кырсыктын алдын алышыбыз керек. Бийликтин канча бутагы болбосун, анын бир эле булагы бар, бир эле ээси бар. Ал – Эл! Ошондуктан биздин эл, дүйнө жүзүн жымжырттыка бөлөгөн дарттан аман-эсен чыгып алса, калганы баары ойдогудай болот. Анткени, бүгүн кадимки көнгөн абалда жашоо мүмкүн эмес.
--Рахмат.
Булак: NazarNews.kg