www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскерлерге кол салуулар уланууда. Бул тууралуу маалыматты Асейин Саралаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Алматынын мэриясын жана Атырау облустук администрациясын басып алышты... Аскерлерге кол салуулар уланууда... Актауда аскерлерди барымтага алышты... Атырауда полициялар элге кошулду. Чыгыш жана Батыш Казахстанда каршылык акциялары уламдан-улам күчөп баратат", - деп жазды.

Эске сала кетсек, буга чейин Токаев элге кайрылуу жасаган. Ал бийлик кулабай турганын айтып, мекендештерди сабырдуу болууга чакырган.

Кайрылуудан кийин Президенттин жарлыгы менен Алма-Ата шаарында жана Мангыстау облусунда 5-январда саат 1:30дан 19-январга караган түнү саат 24:00дөн 7:00гө чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ошондой эле Алма-Ата жана Мангыстау облусуна кирүүгө жана чыгууга тыюу салуу, курал-жарактарды жана ок-дарыларды сатууга тыюу салуу, баңгизаттарды жана алкоголдук продукцияларды жүгүртүүгө өзгөчө режим орнотулду.

Касым-Жомарт Токаев “башка социалдык-экономикалык мүнөздөгү талаптар келерки күнү борбордо өтчү кеңешмеде караларын” кабарлап, “калк ичиндеги туруктуулукту сактоо максатында өкмөт Мангыстау облусунда суюлтулган газдын баасын 50 теңгеге чейин арзандатууну айтканы менен майнап чыккан жок. 
2-январдан бери Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция башталып, митинг Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да уланган. Акциянын катышуучулары бийлик газдын баасын арзандатканы менен өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды коюшту.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев шаршемби күнү, 5-январда эртең менен өкмөттүн отставкасын жарыялады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости