www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Коня калаасынын Чумра районунда мугалимдер Мустафа Байрам жана анын жубайы Дениз Байрам үйдө аралыктан сабак өтүп жаткан учурда,  20 айлык кызы 7 кабаттын терезесинен ( балконунан) түшүп кетип, каза болгон. Бул тууралуу Hürriyet.com.tr  жазды.

Маалыматка караганда, окуя кечээ 23-сентябрда болгон. Мустафа Байрам жубай Дениз Байрам экөө башталгыч класстын окуучуларына сабак берет. Бул күнү да аралыктан сабак өтүш үчүн эки кызын үстүңкү кабаттагы багуучусунун үйүнө таштап кетишкен. Бул учурда кичүү кызы 7-кабаттын балконунан карманалбай түшүп кеткен. Муну байкап калган атасы Мустафа кан сырап жаткан кызын Чумра мамлекеттик ооруканасына жеткирген. Ооруканага жеткен менен дарыгерлер кызды сактап кала алган эмес.

Ошондой эле аты-жөнү айтылбаган окуя орун алган жерде болгон багуучу аял көрсөтмө берүү үчүн полиция бөлүмүнө жеткирилгени маалым болду.

Белгилей кетсек, Кумсал Байрамдын сөөгү бүгүн Коньянын борборундагы Хажы Вейис мечитине алынып келинген.

"Кыздын ата-энеси акыркы жолу табытын кучактап ыйлап алды. Андан кийин, жаш толгон көздөрү менен кичинекей Кумсалдын  жаназасы окулуп, сөөгү Үчлер көрүстөнүнө коюлду"- деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости