www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Мамлекетинин бар болушун каалаган мекенчил жарандарына кайрылуу! 10-апрель, эртең мененки саат 10 го Өзбекстан элчилигинин алдына КР жараны М.Фархаддын өзбек чек арачынын колунан атылып өлтүрүлүшүнө байланыштуу адилеттүүлүктү талап кылган акцияга өткөрөт. Бул тууралуу Адилет Балтабаев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Андан сырткары, Күч структураларынын өкүлдөрүнө: "Бул акция мамлекетке каршы иш-чара эмес. Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков чек арада болуп өткөн окуяны көзөмөлдөп, Өзбекстан тарап расмий кечирим сурасын. Алар расмий кечирим сурабаса, мен жана башкалар эки өлкөнүн алакасы оңолгонуна ишенбейм. Биздин талап, М. Фархадды аткан чек арачы жоопко тартылсын! - деген пикирин кошумчалаган.
Эске сала кетсек, 10-апрель күнү Аксы жараны өзбек чек арачынын колунан каза тапкан. Буга чейин Ала-Бука жараны өзбек чек арачынын колунан ок атылып, учурда бир нече операцияга муктаж. Айрым ММКлардан каза болгон маркумду чек араны бузган деп маалымат таркатыла баштады. Төмөнкү тасмадан, кыргыз чек арачысынын ыйлап, маркумдун сөөгү арыкта суунун ичинде жатканын көрүүгө болот.
Булак: NazarNews.kg