www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Иранда туура эмес хиджаб кийгени үчүн кармалган кыздын өлүмүнөн кийин башталган нааразылык акциялары токтобой жатат. Митингдер өлкөн үн дээрлик бардык шаарларын кучагына алды. Телеграм каналдары жана социалдык тармактардагы түрдүү топтор тополоңдун кадрларын жарыялоодо.

Демонстранттар Тегерандын бардык көчөлөрүн басып алышканы белгиленген. Алар унааларды өрттөп, полицияга кол салышууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, күч түзүмдөрү шаарды көзөмөлдөй албай калган.

Эске салсак, 22 жаштагы Махса Аминин өлүмү Иранда нааразылык толкунун жараткан.

Жергиликтүү аялдар чачтарын кыркып, хиджабдарын өрттөшүүдө. Миңдеген адамдар митингге чыгышкан.

ММКлар Ирандагы нааразылык акцияларында беш демонстрант каза болгонун жазышты. Кийинчерээк каза болгондордун саны 26га жетти. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости