www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаров Кыргызстанда болуп жаткан ар бир маанилүү маселе тууралуу пикирин дайыма ачык билдирип келет. Бул жолу биз уу-дуу болуп жаткан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго Америка санкция салганы, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун айткандары канчалык мыйзамдуу экендиги тууралуу элчиге суроо узатып, жооп алдык.  

- АКШнын элчисинин (Дональд Лу жөнүндө сөз болууда - авт.) Матраимовдун фамилиясын атаганын өзү туура эмес. Анткени Матраимовдун Америкага кызыгы жок. Аларга маалыматты дагы да болсо биздикилер берип жатат. Илгери "Сталин репрессия кылды" дешкен, ага деле, Москвага биздикилер маалымат берген да. Балакеттин баары өзүбүздө жатат. Бу жолу да Матраимов менен күрөшкөндөр маалымат берген. А эмнеге алар 7 жыл Матраимов менен чогуу иштеп, коррупцияны гүлдөткөн Атамбаевди, Кулматовду "жоопко тарт" деп айтпайт? Матраимов алардын солдаты да. Коррупцияны уюштурган атамандарын кошо айтса, анда калыс болот эле. Калыстык болбой жатат. Матраимовду Атамбаевге жармаштырбай, Жээнбековго жармаштырып жатат. Себеби, Атамбаев 5 жыл "бекем" кармаган да. Керек болсо Атамбаев экс-президент Роза Отунбаеваны элдин көзүнчө "самозванка" деп айткан да. Атамбаевдин заманында бир эле Атамбаев сүйлөчү, тарыхтын баарын Атамбаев жасачу.

Кулматов бажынын жетекчиси болгон, а Матраимов төрт орун басарынын бири болгон. Ал Кулматовсуз эч нерсе кыла алмак эмес, а Кулматов Атамбаевсиз эч нерсе кыла албайт болчу. Атамбаев 5 жыл коррупцияны гүлдөттү да. Эгер Американын элчиси эл аралык коррупцияга каршы күрөшүп жатса, анда баарынын атын атап, бардык мамлекетти айтсын. Кытайдан келген контрабанда негизинен Россияда, Өзбекстанда, Казакстанда сатылат, Алардын башында ким турат? Кыргызстандан экспорт (алып кетүү, алып чыгуу дегенди билдирет, чет өлкөлүк сатып алуучуга сатылган же тышкы рынокто сатуу үчүн арналган товарларды чет өлкөгө экспорттоо) катары эле өтөт деп эмнеге айтайт? Мунун баарын эмне Отунбаева билбейби, билет. Элчи билбейби, билет. Эгер ал ушуну айтса, анда мен аны колдойт элем. Анан конкреттүү түрдө бир кишинин атын атап, "анткиле, минткиле" дегени, биздин тергөө ишине, сот ишине кийлигишүүсү. Анын мындай кылганына биздин Тышкы иштер министрлиги реакция кылыш керек. Мен Малайзиядагы элчи катары айтып жатам. Негизи элчинин минтип айтканына реакция кылуу керек. Себеби, бу жерде ал биздин ички, сот ишке кийлигишип жатат деп эсептейм! - деди Бекназаров.

Эске сала кетсек, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго АКШ санкция киргизгенин 9-декабрда жарыялады. Ага чейин, 5-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү сындаган. Ал октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин Матраимовдун айланасындагы соңку чечимдерине токтолуп, жетишсиз чара көрүлүп жатканын билдирген. Ага Кыргызстандын ТИМи жооп кайтарган. Ал эми вице-спикер Мирлан Бакиров Дональд Лу мамлекеттин ички ишине кийлигишип жатканы тууралуу пикирин 10-декабрда парламенттин отурумунда билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости