www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда коомчулукта талаш-тартыш маселеге айланган Баш мыйзамга байланыштуу Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров NazarNews маалымат агенттиги аркылуу мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге Кайрылуу жасады.

Бекназаров, 2010-жылы 7-апрелден кийинки Убактылуу өкмөттүн өздөрү Баш мыйзамга көптөгөн өзгөртүүлөр киргизилгендигин айтты. Аны менен катар Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге кайрылып, Конституциялык кеңешмеге келип катышып, өзүнүн тажрыйбасы, билими менен бөлүшүүсүн өтүндү.

--“Урматтуу менин үзөңгүлөшүм Өмүрбек Чиркешович! Азыркы талаш жаратып жаткан карама-каршылыктарды мен айтпасам дагы жакшы билесиң. Бирок Баш мыйзамды өзгөртпөйм деген бул түркөйлүк. Ал сен экөөбүздүкү эмес. Бул элдики, коомдуку, мамлекеттики! Эч кимдин менчиктөөгө укугу жок. Баш мыйзам менен жалпы эл жашайт, келечек жана мамлекет жашайт. Баш мыйзамга каршы болгонуңдун себебин мен жакшы билем. Конституцияны эч ким өзгөртө албайт деген оюңдан кайт. Учурда болуп жаткан Конституциялык кеңешмеге кел, өзүндүн оюңду айт. Сен билимдүүсүң, тажрыйбалуусуң. Кайсы жерге өзгөртүү керек экендигин жакшы билесиң, келип ошол жерин өзүң оңдоо. Сунуштарыңды айт. Карама-каршы болгонуңду токтот.”-дейт Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости