www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Памирден келген кыргыздарды суук жерге жайгаштырып койгонубуз туура эмес. Мындай пикирди укук коргоочу Азиза Абдирасулова социалдык баракчасына жазып, видео жүктөгөн.  

--"Памирден келишкен кыргыз туугандарыбыздын жашоосу. Жүрөгүм кадимкидей ооруп калды. Мекендештерибизди Алай районуна алып келип, үй салып жайгаштырып койгонубуз жакшы. Бир үйдө 3-4 үй-бүлө турат экен. Бирок туруктуу жумуштары жок, же малдары, жерлери жок кыйын эле экен. Бийлик ай сайын азык-түлүк алып келип берет экен. Жакында президент келип кетиптир, ошондо дагы көптөгөн азык-түлүктөр берилиптир. Ошентсе дагы жумуш менен камсыз кылбасак болбойт.

Булар "жылураак Кыргызстанга барып, балдарыбыз менен жашасак дечүүбүз. Бирок кайра эле Памирдей болгон суук жерге алып келип коюшту" деген ойлорун айтты. Памирден келген кыргыздарды суук жерге жайгаштырып койгонубуз туура эмес", -  дейт укук коргоочу.    

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости