www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акын жана котормочу Вячеслав Шаповаловдун кыргыз адабиятындагы ролу жогору. Мындай пикирин Кыргыз-Орус (Славян) университетинин адабият тарыхы жана теориясы кафедрасынын башчысы, профессор Бахтияр Койчуев NazarNews маалымат агенттигине берген интервьюсунда билдирди.

«Биз мыкты акын жана котормочу гана эмес, илимпоз жана поэзия талдоочусу болгон – кыргыздардын ички дүйнөсүн да, маданиятын да өтө кылдат сезип, мунун баарын орус тилинде жогорку деңгээлде чагылдырып, заман агымы менен кадам таштаган Вячеслав Шаповалов менен коштоштук. Азыркы кыргыз поэзиясы менен адабияты акыркы жылдары өзгөрүүдө, жаңы муундагы акындар жаңыча ой жүгүртөт, бирок дагы деле көп нерсе архаикалык бойдон калууда...”, - дейт профессор Бахтияр Койчуев.

Вячеслав Шаповалов поэтикалык чыгармачылыктан тышкары котормочулук ишмердүүлүгү менен да таанылган. Ал «Манас» эпосунан эпизоддорду, Махмуд Кашгаринин энциклопедиясынан байыркы түрк поэзиясынын үлгүлөрүн, кыргыз акындарынын лирикасын жана 20-кылымдагы классиктердин чыгармаларын которгон. Шаповалов адабият таануучу, филолог, педагог, адабият сынчысы жана этнополитолог болгон.

Эске салсак, Кыргыз эл акыны Вячеслав Шаповалов 2022-жылдын 24-июлунда 74 жашында Бишкекте каза болгон. Маекти толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар:

Булак: NazarNews.kg

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги, материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана берилет.

 

Последние новости