www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, өкмөт отставкага кетсин. Мындай пикирин ал "Азаттыктын" түз эфиринде билдирди.
Калмаматов менен Клара Сооронкулова Боршайкомдун Автоматтык саноо системасы үзгүлтүккө учураганына расмий билдирүү болбой жатканына нааразы. Ошондой эле, Калмаматов өкмөт бир шайлоону өткөрө албаса анда отставкага кесин деген пикирин да айтты.
"Өлкөдө мындай саботаж боло берсе, өкмөт улуттук коопсузду камсыздай албаса, анда өкмөт бийликте эмнеге отурат? Мына ушунча элди кырылыштырганы калды. Эртең бардык партиялар көчөгө чыгат. Бул бизди дагы бир экономикалык кризиске кептейт", - деди ал.
Ал параламенттик шайлооло бийликчил партиялар Автоматтык саноо системасы үзгүлтүккө учурагандан кийин бир топ алдыга озуп чыкканын да баса белгиледи
Саат 21:00гө карата 2000ден ашуун шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түштү. Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси бар.
Кечки саат 22:00гө карата алдын ала жыйынтык боюнча алты партия беш пайыздык чектен өттү. Алар:
"Ата-Журт Кыргызстан" - 16,67%
"Ишеним" - 13,33%
"Ынтымак" - 10,61%
"Альянс" - 8,09%
"Бүтүн Кыргызстан" - 6,63%
"Ыйман нуру" - 5,91%
Добуш берүү саат 20:00дө токтотулгандан кийин бир саат аралыгында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасы бир саамга иштебей калды. Ага чейинки жарыяланган эсепте 10 партия 5% чектен өтүп, бирок жалпы добуштарды кошкондо 150% ашып кетип жаткан. Системадагы маалыматтар жаңылангандан соң бул көрсөткүч 89% түшүп, босого чектен өткөн партиялардын саны да кыскарды.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 28-ноябрдагы шайлоо аралаш система менен өттү. Шайлоого партиялык тизме менен 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин жеңип чыккан 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.
Булак: NazarNews.kg