www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Карызыбыз үчүн басып албаган Кытай Логистикалык борборду курса эле басып алмак беле?”, - деди Нарын облустук аялдар кеңешинин төрайымы Бактыгүл Жумабаева NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Нарын облусундагы Ат-башы районуна салына турган логистикалык борборун курулса элге абдан жакшы болот. Кытайга канча акча карызбыз, ошондо басып албаган Логистикалык борборду курса эле басып алмак беле? Нарын эли канча убакыттан бери жумуш жок кыйналып келишти. Карапайым эл азыр жумушсуз жүрүшөт. Баарыбыздын көзүбүз жетип турат. Бул борбор курулса элге жакшы шарт түзүлүп, жумуш орундары менен камсыз болушат. Миграция азаймак, болбосо бардык жаштарыбыз сыртка агылып жатат. Логистикалык борбор курулуп калса азыраак бир нерсе сатып, соода-сатык менен алектенип үй-бүлөсүн багышат деген ойдобуз.  Нарын эли логистиканын курулушуна каршы эмес. Айрымдар туура эмес ушактарга, бузукуларга азгырылып, каршы пикир айтып, элдин атынан сүйлөп жатышат. Андыктан өз кызыкчылыгын ойлогон жарандарга кайрылам. Ойлонгула, эртеңки муундардын келечегине кам көрөлү. Колубузга келген мүмкүнчүлүктү чыгарбай, колдонуп калалы. Биздин мамлекетке ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканына кубаналы.

Ошондуктан президент Садыр Жапаровго, башка бийлик өкүлдөрүнө кайрылаар элем. Нарын облусунун жергиликтүү тургундары Ат-Башыдагы логистикалык борбордун курулушуна эч кандай каршылыгыбыз жок. Инвесторлор келип курса, бизге кызмат кылса, бюджетке акча түшсө ким каршы чыгат? Биз дагы мамлекетке чоң жардам болсун деген ниеттебиз”, - дейт Жумабаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости