www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин бүгүн, 30-июндагы жалпы жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев Башкы прокуратура сунуштап жаткан мыйзам долбоорлор тууралуу баяндама жасады. Анын жүрүшүндө сөз алган депутат Дастан Бекешев Башкы прокуратуранын дарегине сын айтты.
Дастан Бекешев: - Урматтуу Курманкул Токторалыевич, азыр Башкы прокуратура «монстр» болуп кетти да. Мыйзамды жазат, мыйзамды сунуштайт, отургузат, тергөө жана башка бир топ ыйгарым укуктары пайда болуп калды. Башкы прокуратура жана прокуратура органдары адам укуктарын сактабай калды.
Сиздин учурда эле канча киши жөн эле СИЗО УКМКга тыгып, пока күрөөнү төкмөйүнчө чыкпайт. Андай болбош керек да. Бул мыйзамсыз да.
Бул мыйзам долбоорлорун окуганда мен таң калдым. Жаштар айтышат: «Депутат болоюн деген ниетим бар» деп. Чындыгында депутат мындай эле болуп калды. Эми көбүнчө жарандарда Башкы прокуратурада иштейм деген ниет болуп калат да. «Монстр!», Башкы прокуратура. Өзүңөр эле мыйзамдарды жазасыңар. Мына, Жогорку сот «замечание» берип жатат, эч ким аларды укпайт. Кайсы мамлекетте биз жашап калдык? Бул мыйзам долбоорлору менимче адамдын укуктарын сактабайт го...
Курманкул Зулушев: - Рахмат, сурооңузга. Сиз таң калбаңыз, биз Кыргыз мамлекетинде жашап жатабыз. Баш мыйзамда мыйзам демилгелөө укугу Жогорку сот менен Башкы прокуратурада бүгүн керек экени боюнча берилди. Анткени, азыркы кодексте өзүңүз билесиз, канча кемчиликтер болуп жатат.
Мына, бүгүн да ушул мыйзамдын алдында карадыңыздар. Шайкеш келтирели, иш жүрбөй жатат деп ички иштер кызматкерлери суранып жатат. Ошондой кесепеттер, эгер мыйзамда мүчүлүштүктөр болсо тез арада прокуратура менен сот системасы гана сиздерге алып келе алат. Кабыл алуу сиздердин — Жогорку Кеңештин колуңуздарда.
Экинчиден, прокуратура «монстр» болуп кетти дейсиз. Прокуратурада бул укуктар буга чейин болгон. Буга чейин иштеп келген. Ошол иштеп жаткан системаны талкалоонун айынан бүгүнкү күндө ушундай абалга келдик. Жаңы түзүлгөн органдар калыптанып, иштеп, мамлекетке ыңгайлуу болушу үчүн көп убакыт болушу керек экен. Мына, Финансы полициясы өзүн-өзү актабай, коррупцияга белчесинен батып жоюлду.
АКС да жоюлганы турат (ред. — УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы президент Садыр Жапаровдун 25-июндагы жарлыгы менен жоюлган).
А прокуратуранын 95 жылдык тарыхы бар. Прокуратура мыйзамдын так, бирдей аткарылышын көзөмөл кылат. Мыйзамды так билген адам «монстр» болбойт, коркуу сезими бар.
Ошондуктан, бүгүнкү кабыл алып жаткан кодекстерде прокуратура системасы өзүнүн милдеттерин так аткарат деп ойлойм.
Ал эми акыркы камоолор боюнча айтып жатасыз. Сиздер акыркы кабыл алган кодекстердин негизинде камалып жатышат. Шектүү катары камалып жатат. Эгер алардын айыптары угузулуп, айыбы бекитилсе, ар биринин мыйзамдуулугун карайбыз.
Булак: NazarNews.kg