www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузак районунун алты тургуну «Хизб ут-Тахрир» уюмунан баш тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жарандар буга чейин туура эмес жолдо жүргөнүн моюндап, мындан ары мыйзамды сактоого сөз беришкен.
«Жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин натыйжасында облус аймагында жыл башынан бери 10 адам каттоодон чыгарылган. Ошондой эле алты айда мектеп окуучуларына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине, өкмөттүк эмес уюмдарга, коомчулукка ар кандай темада 381 жолу лекция, семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн», — дешти милициядан.
Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы 551 адамды каттоого алган. Алардын ичинен 491 жаран «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган.
Булак: NazarNews.kg