www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Бишкектеги бир нече ооруканада бош орун жок

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бүгүн, 30-июнда эртең мененкиге карата ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалымат берди.

Ооруканалардагы бош орундардын саны:

Кыргызстан курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтунда — 152 орун;

№1 шаардык клиникалык ооруканада — 8;

Улуттук онкология жана гематология борборунда — 3;

Улуттук кардиология жана терапия борборунда — 1;

Улуттук госпиталда бош орун жок;

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында бош орун жок;

Аскер госпиталында бош орун жок;

Республикалык наркология борборунда бош орун жок;

№6 шаардык клиникалык ооруканада бош орун жок;

Улуттук фтизиатрия борборунда бош орун жок;

Чүй облустук бириккен ооруканасында бош орун жок;

Улуттук госпиталдын урологиия имаратында бош орун жок;

Улуттук хирургия борборунда бош орун жок.

Бүгүн, 30-июнга караган суткада Кыргызстанда дагы 1965 адамдан COVID-19 вирусу тастыкталды. Бул чоң көрсөткүч.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 125 003 адамга жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости