www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Садыр Жапаров мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калды», - деди бүгүн, 30-июнда NazarNews маалымат агенттигине Мирбек Маниясов.

- Президенттин Тажикстанга барганын чиеленишкен маселелерли чечүү аракети деп түшүнсөк болобу?

- Азыркы тапта ажобуз үчүн да, өз милдетин аткаруу өтө эле оор болуп жаткан учур. Анткени, дүйнөлүк кризис, пандемия кокодон алып турат. Климаттын өзгөрүшү менен жергебизде болуп аткан кургакчылык да өз терс таасирин тийгизип жатат. Эми Садыр Нургожоевичке чыны менен эле кыйын болду. Маселени чечүү үчүн айла жок Тажикстанга барууга аргасыз болду... Тажик тарап да эканомикалык блокадада турат. Бир кана биз тарап эмес, алар да кыйын учурга кептелип турушат.

Эгер мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калгыбыз келсе, албетте маселени ырбатпай сүйлөшүү жолу менен чечип алганыбыз оң. Бирок, президенттин бул аракти оппозициялык маанайдагы оппонентттерине жакпайт... Эмнеси болсо да азыр бизге тынчтык керек... Андыктан президентти колдошубуз керек…

- Садыр Жапаров президент болгону мамлекет үчүн маанилүү иштер жасалдыбы?

- Эң негизгиси мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калды. Экономикалык багытта айта турган болсок, али эрте. Бирок, жакшы долбоорлорду жаратып жатат. Үзүрүн буюруса жакынкы алты айдан кийин көрө баштайбыз деп ойлойм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости