www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Сабатсыз, бузуку саясатчылар элге күйбөй эле койгула”, - деди Нарын облустук аялдар кеңешинин төрайымы Бактыгүл Жумабаева NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы кенди иштетүү иштери жанданса абдан жакшы болмок. 2018-жылдын аягында элге түшүндүрүү иштери жүрүп, элдин макулдугу менен курулуш иштери башталган. 211 млн сом бонус катары төлөнгөн. 38 млн сом эки айыл өкмөтүнө төлөнгөн. Экономикабызга эле чоң салым кошмок. Ошону менен катар жарандарыбыз дагы жумуш орундары менен камсыз болушмак. Акыркы учурда чет мамлекетке кеткен балдар-кыздарыбыздын саны өсүүдө. Алар үй-бүлөсүн таштап, кыйналбай бул жакта эмгектенсе жакшы да. Президент кен-байлыктарыбызды иштетип, экономиканы көтөрөбүз деп жатат. Аны баарыбыз колдоп турушубуз зарыл.

Кээ бир бузукулар чыгып алып “жайыт керек” деп кыйкырып жүрүшөт. Башка деле жайытка ылайыктуу жерлерибиз көп. Бышкан ишке тоскоол болбой, эрте иштетишибиз керек. Эмне канчага чейин эле ушинтип иш кылгандарга каршы чыгып отурабыз.

Бишкектеги өз кызыкчылыгын ойлогон бузуку саясатчыларды угабыз. Карапайым элди болбогон акча берип, каршы чыгарып жатышат. Анда-санда жем чачкансып аз болгон акча берип алдашат. Ушулардын артында бийликке каршы тукуруп, кайра аларга барып башкача сүйлөп, куулаган байлар, алдамчылар турат. Ошондуктан билимсиз, сабатсыз, бузуку саясатчылар элге ушинтип күйбөй эле койгула. Сиздердин акылыңыздарга кыргыз эли муктаж эмес.

Ал эми Садыр Жапаров 2012-жылдан бери эл деп күйүп, канчалагын кыйынчылыкты башынан кечирди. Аягында бийликке келди. Иштейин деп аракет кылса бут тосуп, тоскоолдук кылып жатышат. Мен айтаарым эл деп күйгөн адамга ичи таарлык кылбай тынч отургула саясатчылар. Ал адам башынан көптү өткөрдү. Кандай иштөөнү өзү билет. Мамлекетти, элди ойлоп, тышкы саясатты бекемдеп жүрөт”, - дейт төрайым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости