www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрмөдөн качып, 2020-жылдын октябрынан берип оорумуш болуп жаткан премьер-министрде да шек бар. Жагалданган жылмаюну пара деп эсептесек болобу, анткени ал жагалданып жылмайгандан алдына киши салбаган  адам. Мырза-Акенин коондору гана эмес, «жоондору» дагы таттуу келет. Ошол «жоондорунун» жоону Жантѳрѳ мырза. Анын негизги адистиги «эксплуатационник». Ошондуктан Аскар Акаев, балким Майрам Акаева жылаңач жүргөн келишимдүү жигитти Бишкек - Ош автожолун «эксплуатация» боюнча директорлугуна койгон. «Эксплуатационник» Сатыбалдиев «эксплуататор» Акаевге жагыныш үчүн үч кабат асфальт жолдун бир кабатын майга сүйкѳп Майрам Акаевага бриллиант шакек менен кошуп «бисквит» кылып, сугунтуп койду эле, жолдун бети жукарганы менен, Майрам Акаеванын  бети калыӊдап, тамылжып турду. Ошол жукарган жолдун бүгүн тамтыгы чыгып баратат, Акаев болсо качып кетти, «май кармаган бармагын жалайт» дегендей кантип Сатыбалдиев, «бармагын жалабасын». Бакиевдин тушунда «эксплуатационник» Сатыбалдиев «эшек такалабай» эле, Ош облусуна кошуп, Түштүктү бүт «эксплуатациялап» жүрдү. Анын жыйынтыгын 2010-жылдын июнунда кѳрдүк.

Отунбаеванын тушунда «эксплуатационник» Сатыбалдиев Ош шаарынын курулушун  эксплуатациялоо боюнча директору болду. Келечектеги «эксплуататор» Жантөке Атамбаевдин колтугуна суу бүркүп президенттик аппараттын башына, андан аттап ѳкмѳт башына келди. «Бүркүт карыса чычканчыл болот», Жантѳрѳ  мырза акча чыкчу жерлерди аӊдып жүргөн. А бирок ар бийликке мурдун сүйкѳп жүрүп мурду «бучук» болуп калган. Таппасаӊ сыйпалап кал, «вазири бучук болсо, ханы эмне болот» деп койчу эле? Сатыбалдиевдин ѳкмѳтү «Кумтѳр» менен ТВЕАга асылган бойдон коштошпой кете берген. “Кыңыр иш кырк жылдан кийин” –дейт, 120 миллиард сомдук менчик машинеси бар  Жантөрө Сатыбалдиевдин “баччагы” беш -алты жылда эле чыгып, баткакка тыгылган бойдон чыкпай турат. Сатыбалдиев ТЭЦти шимирип ийгени үчүн акыйкат алдында жооп берип жаткан, 2020 жылы октябрда ооруканага жаткан бойдон дайынсыз. Арийне, ал жол көрсөткөн “Ихлас” “иха-иха” –деп эшекче айкырганы менен аргымактай арыштап баратат.

“Кумтөрдө” биргелешкен ишкана түзүү үчүн Сатыбалдиевдин өкмөтү жанталашты.“Ары болдум,бери болдум, сууга салган тери болдум, жүрүп-жүрүп бир катындын эри болдум”-дегендей, “бышып калган даяр аш” “Кумтөргө” көзүн кызарткандар эми деле көп. Ал бийликтегилердин оюу боюнча алтын кенине биргелешкен ишкана түзүп, өз тааныштарын ал жакка түртүп, бекер оокаттан ашагысы келип турган.Ошондуктан, Сатыбалдиевдин шалаакы өкмөтү  жайдын башында бышып-жетилип турган конфликтти учурунда  жөнгө салбай, “Кумтөрдү” опузалап коюш үчүн, митингдегилерди жайына коюп койгон. Муну менен өкмөт жабыкты, “Кумтөрдүн” чыныгы “хозяини” эл экенин төшүн кагып билгизбей бийликти, өкмөттү алдыга түрттү. Бирок, ошол мезгилде дүйнөлүк экономикалык коомчулуктун алдында кыргыз өкмөтү уят болгонун сезишкен жок. Алар инвестор катары келип өз ишин мыйзамсыз жүргүзүп жаткан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде салыктарын төлөбөй, мамлекеттик бюджеттин олуттуу бөлүгүнө зыян келтирген ишкананы эл үчүн иштетүүнүн ордуна алардын акчасына кызыгышып жайбаракат акча жемейге өтүшкөн.  Кыргызстанга инвестор катары келишкен канадалыктар жеп –жуткандан тажашкан жок. Мейли келишсин, алар ишкана куруп, пайда көрө баштаганда эмне кылар экен деп, алтынды ашай башташса, анда бийликти элге бериш керек да? Кыргыз элин “Кумтөр” баксын, ошол кездеги бийлик структураларынын кыргызга эмне кереги бар эле? Эки тарап “Кумтөр голд компани” жана “Кумтөр оперейтинг компанинин” негизинде  биргелешкен ишкана түзүүнү сүйлөшкөн. Кыргызстан жаңы түзүлө турган биргелешкен ишканада 51-52% ээ болууну, башкача айтканда көзөмөл пакетти колго алууну көздөп жаткан. Кыргызстандын бийлигинин акылы Сатыбалдиевдин убагында жеттиби? Анда эмне Акаевдин учурунда акцияларынын теңин саттырып жиберишет? Эмне үчүн акцияны саттырып жибергендер жооп беришпейт? Азыр дүйнөлүк экономикалык коомчулукта Кыргызстанды тааныбаган инвесторлор бар, бирок алар “Кумтөрдү” таанышат, “Кумтөр” аркылуу Кыргызстанды таанышат. Биздин чыккынчы президенттер “Кумтөрдү”  Кыргызстандын “брэндине” айлантпай, трагедияга айлантышты. “Кумтөрдү” Түштүк Африка Республикасындай, Монголиядай “брэндке” айлантышыбыз керек. Ошол кезде биргелешкен ишкана түзүп, “Кумтөрдү” да коррупция баткагына тыгыш үчүн Сатыбалдиевди өкмөт башынан жыгышты. Анын ордуна келген «Ата-Мекен» партиясынан Жоомарт Оторбаевдин учурунда «ата-мекенчилер» тынчып калган жок. Ириде «Кумтөрдү» улутташтыруу тууралуу маселени көтөрүштү. “Кумтөрдү” алсырата турган болсок, кыргыз экономикасы зор экономикалык кризиске кабылат, анткени ал Канаданын эмес, кыргыз жери.

«Кумтөр» боюнча: Текебаев, Сариев, Нарынбаев,  Баатырбеков сыяктуулар камалып же сурак берип жатышат.“Алтын тамга" менен алтын кендин "Ардак тактасына" жазылгандар:

Аскар Акаев

Алкы бузук Акаев “Кумтөрдү” эл үчүн иштетип бергенде, эмгиче ага алтындан эстелик курмакпыз.

Турсунбек Чыңгышов 

«Азыр «Жалкоолор менен аңкоолор гана уурдашпайт» деп жүрүп, “Кумтөр” менен жаңы келишим түзгөнү үчүн  миллиарддаган пайда таап, жардамчысы УКМКнын полковниги Шамшыбек Медетбеков  менен ал акчасын батыра албай, Кариб деңиздеринен эс алуучу отель сатып алып ырахаттангысы келген.

Апас Жумагулов

“Кумтөрдүн” кыныгын алып, жаңы гана таштырмагын батыруу үчүн, баса кала турган жолборстой бөгүп жаткан. Анын өкүл баласы Данияр Үсөнов куыргыз миллионерине айланып, кийин өкмөт башына келген.

Бирнштейнди алып келгендер: Турсунбек Чыңгышев, Дастан Сарыгулов, Санжар Айтматов...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости