www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баласын сабаган жаран Москвадан кармалды

Эртеден бери баласын аёосуз сабаган жаран талкуу болуп жаткан. Анын ким экендиги такталгандыгы тууралуу жергиликтүү ЖМКлардын бири аты-жөнүн атагысы келбеген инфарматорго таянып жазып чыкты.

“Көргөн көзүбүзгө ишене албай эртеден бери ыйлап атабыз. Бул жигиттин аты жөнү  Эмил Пирназаров, 36 жашта. Ала-Буканын Көк-Серек айылынан болот. Өзү апасыз чоңойгон жигит, мээрим көргөн эмес. Азыр Москвадан  милиция кармап кетиптир. Жубайы экөөнүн үч баласы бар. Сабалган бала анын ортончу баласы. Окутабыз деп Москвага алып кетишкен. Быйыл 1-класста окуп жаткан болчу. Туугандары бүт ызырынып жатышат. Карантин болбосо бүгүн эле алып келмекпиз дешүүдө.”-деп билдирген ал.

Бул тууралуу КРнын ИИМи төмөнкүдөй маалымат берди:

"Учурда ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгү тарабынан өз баласын сабаган жарандын кайда жүргөндүгүн аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө. 
Бүгүн Интернетте жана «WhatsApp» мессенджеринде   болжол менен 3-4 класста окуган баланы сабаган видео тараган. Бул боюнча  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, видеодо жеткинчек баланы сабап жаткан жарандын өздүгү такталып, ал  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу  тургуну экендиги маалым болду.

Ал эми анын аялы 1987-жылы туулган Ж.Ж., экендиги да такталды. Иликтөөнүн жүрүшүндө жогорудагы жаран үй-бүлөсү менен 2019-жылы 16-октябрда Россия Федерциясына учуп кетишкендиги аныкталган.
Учурда аталган маалымат боюнча  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүүдө",-деп айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости