www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Ысык-Көл облусундагы кырдаал кооптуу болуп  жатканын премьер-министр Кубатбек Боронов да маалымдаган. 

“Бишкектеги күндүзгү стационарларга кайрылгандардын саны азайды, бирок региондордо абал оор бойдон калууда. Айта кетсек, бул Жалал-Абад облусу, Ош шаары жана Ысык-Көл облусу. Ысык-Көл облусун айта турган болсок, жайдын келиши, эс алуучулардын келиши менен ал жакта илдет кескин көбөйдү. 2020-жылдын июнь айында эс алуучулардын саны 3000 адамдын тегерегин түзө турган болсо, 20-июлга карата бул көрсөткүч 10 миң адамды түздү”, – деп белгилеген ал.

Ысык-Көл облусунун ыйгарым укутуу өкүлү Балбак Түлөбаев да жыйында кырдаал оорлугун айтып, тиешелүү кызматкерлерге оорунун алдын алуу тапшырмасын койду. 

"Жети-Өгүз районунун акими, Ысык-Көл облусундагы, Бишкектеги  ыктыярчылардын баарын сага жиберем. 

Координатор, Жети-Өгүз районунда врач жетишпейт деп мага дагы аким чалса башың менен жооп бересиң! 5 врач жибересиңби, 10 врач жибересиңби Жети-Өгүздөгү абалды турукташтырасың", - деди облус жетекчиси жыйында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости