www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-декабрда КР Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Москва шаарындагы иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтык жана эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларга байланышкан маселелерди талкуулашты.

Вячеслав Володин бул жолугушууда миграцияга жана чек арага байланыштуу маселелерди КМШ мамлекеттеринин ишин караган комитетке тапшырган. Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ болгондуктан гана кыргыз мигранттарына Орусияда жумуш табуу жеңил болуп жатканын белгилеп, интеграцияда да туура багыт алуунун зарылдыгы боюнча кеп козгоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости