www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чек арадагы атышуудан улам Самаркандек жана Паскы-Арык айылдарынын тургундары үйлөрүн таштап кете башташты. Бул тууралуу 24.kgнин кабарчысы жеринде билдирди.
Рават менен Ак-Татыр айылдарынын ортосундагы жолдун жээгинен элди көрүүгө болот. Алардын арасында балдар жана карылар да бар. Алар бийликтегилер окуяны тез арада чечет деп үмүттөнүүдө.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, Самаркандек айылында үч үй күйүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, үйлөрүн таштап кеткендердин так саны азырынча белгисиз. Жеринде тиешелүү кызматкерлер иш алып барууда.
«Эгер эвакуациялоо боюнча команда берилсе, ӨКМ даяр», - деп билдиришти башкармалыктан.
Булак: 24.kg