www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын чек ара кызматы тажик тараптын чек арасында атышуу учурунда карапайым калкка, инфраструктурага жана турак жайларга ок аткан белгисиз адамдарды байкашкан.
«Тажик тараптагы атышуу учурунда эч кандай белгиси жок кара кийимчен сакалчан адамдар карапайым калкка, инфраструктуралык объектилерге, турак жайларга жана жарандардын башка мүлкүнө ыраатсыз жана зарылчылыксыз ок атканы өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Алар гранатометторду, минометторду жана ок атуучу куралдарды колдонушкан», - деп билдирди КР УКМКнын чек ара кызматы.
Ошол эле учурда ведомстводон бул белгисиз адамдар мамлекеттик чек аранын кайсы тилкесинде көрүнгөндүгү боюнча жооп берген жок.
Эске салсак, бүгүн, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу боюнча чатак башталган. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Булак-Башы тилкесинде кыргыз чек арачылары тараптардын мурда түзүлгөн келишимдерин бузуу менен мамлекеттик чек аранын белгиленбеген тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлеген тажик чек ара отрядын табышкан. Кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай, тажик чек арачылары ок чыгарган. Буга жооп катары Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек арачылары да курал колдонушкан. Кыргызстандын эки аскер кызматкери жараат алды.
Булак: NazarNews.kg