www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 14-сентябры cаат 18:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР УКМКнын Чек ара кызматы Баткен чек ара отрядынын «Самаркандек» чек ара заставасынын аймагында орун алган куралдуу чыр-чатактын натыйжасында Кыргызстандын 1991-жылы туулган И.к.Б, жана 2001-жылы туулган Г.у.Б., аттуу жарандары катуу жаракат алышты.

Г.у.Б., атуу Кыргызстандын жаранынын абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат.

Ал эми Кыргызстандын Самаркандек айылынын И.к.Б., атуу жараны ок ич көңдөйүнө кирип, бел бөлүгүнүн октон жаракат алды. Ичине кан толуп, 3 даражадагы травматикалык шок алып, абалы өтө оор, тез арада операцияга кылууга муктаж.

Жабыркаган жарандар Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилип, аларга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө.

"Айрыкча тажик тараптан атышууда кара кийимчен, эч кандай белгиси жок сакалчан адамдар карапайым калкка, инфраструктуралык объектилерге, турак-жай имараттарына жана жарандардын башка мүлкүнө эч кандай зарылчылыксыз ок атканы өзгөчө тынчсызданууну жаратат", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда тажик тарап гранатометторду, миномётторду жана ок атуучу куралдарды колдонушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости