www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Лейлек районунун аймагындагы чек ара участкаларында абал тынч, кооптуу жагдайлар жаралган жок. Бул тууралуу Лейлек Районунун Мамлекеттик Администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-сентябрь күнү саат 18:35 те Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Алмазбек Рахманкулов тийиштүү күч органдарынын жетекчилери менен бирге Тажик Республикасынын Б.Гафуров районунун мамлекеттик аткаруу бийлигинин төрагасы Зафарбек Давлатзода баштаган топ менен чек арадыгы болуп жаткан окуялар, кырдаал боюнча Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында сүйлөшүүлөрду жүргүздү жана эки райондун чек арасында тынчтык абалды сактоо боюнча макулдашышты.
"Учурда Лейлек районунун аймагындагы чек ара участкаларында абал тынч, кооптуу жагдайлар жаралган жок. Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы райондун жетекчилиги чек ара аймактарында жүргөндүгүн маалымдоо менен, ал жерде жашаган тургундарыбызды тынчтыкты сактоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg