www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азимбек Бекназаровдун уулу убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу  ИИМдин басма сьз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Социалдык тармактарда интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү учурунда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясын үгүттөгөн материалдарды жарыялап, тараткан аккаунт аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында экстремисттик материалдарды таркаткан деп шектелген 1981-жылы туулган Руслан Бекназаров ИИМдин тергөө кызматына суракка алынып келинди.

Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости