www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айылынын тургундары алтын кендин иштетилишине каршы митингге чыгышууда. Бул тууралуу мааалыматты жергиликтүү тургун NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

"Катраң айылынын эли бул жактагы алтынды казууга мүмкүнчүлүк, уруксаат дагы берген эмеспиз. Бүгүнкү күндө табигаттын кырсыгынан жапа тартып турган кезибизде. Алар биздин 70 миң гектар жерибизди талкалап бүтүргөнү жатат.

Айыл тургундары кен иштетилип баштаса, алар тиричиликке (ичүүчү сууга, мал сугарууга) колдонуп келген Козу-Баглан дарыясынын суусу булганат деп чоочулашат.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Ташиев сиздерге кайрылабыз. Катраң айлынын арыз муңун угуп бизди колдоп берсеңиздер эң жакшы болот эле. Козу-Баглан дарыясы жомокто дагы бар. Бул кылымдан кылымга өтүп жаткан дарыя. Бул суунун булганышына биз эч убакта жол бербейбиз. Бул алтынды берген эмеспиз бербейбиз дагы. Азыркы келген омондордон, бийликтерден суранабыз биздин балдардын бирине дагы кол тийгизишпесин. Мен бүгүн тактасам 4 5 баланын колун кайрышыптыр.

Бүгүн Сапаралини отургузуп коюптур деген имиштер болуп жатат. Эки күн мурун губернатор Бөрүбаев Сапарали үйүн издеп жүргөн. Ошону угуп отургузуп койгон деген имишке ишенип жатабыз. Биздин айылдык кеңештин төрагасы Бөрүбаев Сапаралинин боштондугун дагы суранабыз", - деп билдирди жергиликтүү тургун.

Эске салсак, буга чейин активист Сапарали Бөрүбаев NazarNews маалымат агенттигине кайрылып, Козу-Баглан жана Ак-Суу дарыяларында кен казуу иштери мыйзамсыз жүрүп жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости