www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин социалдык тармакка Калича Сасиева: «Уважаемая Галина Байтерек, уместно было бы, если рядом с Мээрим стоял её тренер. Как вы думаете? Говорят вместо него, в Токио улетели вы», деп жазып чыккан.

Белгилей кетсек балбан кыздардын тренери Нурбек Изабеков кыздары менен алгач, башында эле учуп кетип, ал жакта кыздардын жанында болууда. Галина Байтерек – Президенттин алдындагы Илим-билим, Маданият, маалымат, спорт Комитеттин башчысы катары, атайын Президент Садыр Жапаровтун жарлыгы менен Кыргызстандын атынан спортчулардан кийин учуп барган. 

Эске сала кетсек, Кыргызстандан Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт. Азырынча Кыргызстандын байге капчыгында күрөш боюнча алган бир күмүш жана бир коло медалы бар. Күмүш байгени өлкөсүнө Акжол Махмудов, ал эми коло байгени Мээрим Жуманазарова тартуулады.

Ал эми бүгүн, 4-агустта, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Олимпиада-2020 мелдешинин алтын байгеси үчүн күрөшөт. 62 килограмм салмактагы мыкты балбан кызды аныктоочу кармашта ал япониялык Юкако Каваи менен кез келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости