www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети жана жергиликтүү бийлик боюнча мыйзам долбоорлору парламентте экинчи окууда сентябрь айында каралганы жатат. Баштапкы маалымат ушундай экенин 3-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Жунушалиев тийиштүү жетекчилер менен жыйын куруп, депутаттардан келип түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен сунуштарды тыкыр иштеп чыгуу зарыл экенин белгиледи. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин айрым категорияларына иммунитет берүү, алардын макамы, социалдык жактан камсыз болушу, каржыланышы боюнча айтылгандарды эске алууну талап кылды.

Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга байланыштуу төрт мыйзам долбоору 29-июлда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

“Министрлер кабинети жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” деп аталган мыйзам долбоорлорунун автору президент Садыр Жапаров.

Талдоочулар бул мыйзамдар президенттин жана Министрлер кабинетинин укуругун узарта турган документтер экенин айтып жатышат. Мисалы, эгер “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзам кабыл алынса Министрлер кабинетинин төрагасы Бишкектин жана Оштун мэрлерин, ал эми район акимдери айыл өкмөт менен башка калаа башчыларын дайындап калат. Бул үчүн жергиликтүү кеңештин макулдугу керек болот.

22-июлда “Министрлер кабинети жөнүндө” долбоор парламентте каралып, депутаттардын сынына кабылган.

Президент автор болгон бул мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш үч окуудан карап, добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат. Кыргызстанда жети облус, 44 район, 32 шаар жана 453 айыл өкмөтү бар.

29-июлда Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга тарады. Кезектеги жыйынга алар сентябрдын башында чогулат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости