www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИЧке чалдыккандар COVID-19ду оор көтөрүшү ыктымал

ВИЧ-инфекциясы организмдин иммундук коргонуусун ар кандай ооруларга, анын ичинде COVID-19га каршы алсыраткан өнөкөт инфекциялык оору болуп саналат. Бул тууралуу Республикалык коронавируска каршы күрөшүү штабынан билдирди.

ВИЧке чалдыккандар мындай инфекциядан таза адамдарга караганда COVID-19ду оор көтөрүшү ыктымал.

"Коронавирус ВИЧ-инфекциясына чалдыккан бейтаптар үчүн көбүрөөк коркунуч жаратат жана организмдин толук жабыркашына, ал тургай өлүмгө алып келиши мүмкүн", —  деп билдирген Республикалык СПИД борборунун директору Үмүткан Чокморова.

Анын айтымында, өлкөдө ВИЧ-инфекциянын 10 158 учуру аныкталган. Аталган инфекция менен жашагандардын ичинен 2 337 адам көз жумган. Атайын дарыланууну – ВИЧ-инфекциянын антиретровирустук терапиясын 4 806 бейтап алууда.

2020-2021-жылдар аралыгында ВИЧ-инфекциясы бар адамдардын ичинен:

ВИЧ менен жашаган 123 адам COVID жуктуруп алган, стационардык жана амбулатордук дарылоодон 116 адам өткөн. 60 адам коронавируска каршы эмделип, ВИЧ-инфекциядан жабыркаган жети адамды COVID алып кеткен. 

"Оорунун 4-баскычындагы ВИЧ-инфекциясы бар бейтаптарда иммунитеттин жетишсиздигинен оппортунисттик инфекциялар пайда болот, анын ичинде пневмоцисттик пневмония менен оорушат, мында биринчи белгилери – дем алуу жетишсиздиги өпкөнүн кагынуусунун белгилерине окшошуп кетет. Андыктан ВИЧ менен жүргөн адамдарга эмдөөдөн өтүү сунушталат, себеби азыркы күндө эмдөө – коронавирус инфекциясын алдын алуунун натыйжалуу чарасы болуп саналат", — деп айтылат штабдын маалыматында.

Эске салсак, өткөн суткада Кыргызстанда 696 кишиден коронавирус табылып, 1 681 бейтап айыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости